• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Президент Мамлекеттик тил күнүнө карата кайрылуу жасады

21 Аяк оона 2018 11:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.09.2018.Govori.TV.

Президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик тил күнүнө карата кайрылуу жасады. Мамлекет башчысынын кайрылуусун  Президенттин Аппарат Жетекчиси Досалы Эсеналиев бүгүн, 21-сентябрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу жыйында окуду.

Төмөндө Мамлекет башчысынын куттуктоосунун тексти:

«Кадырлуу мекендештер!

Кыргыз тили — мамлекеттүүлүгүбүздүн белгиси, элибиздин ынтымагынын, биримдигинин негизи, көөнөрбөс руханий казынабыз.

Залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматов айткандай, „Тил — улуттун автопортрети менен бейнеси“. Ошондуктан биз мамлекеттик тилибизге болгон камкордугубуз аркылуу мамлекетке болгон мамилебизди билдиребиз.

1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тили „мамлекеттик тил“ деп жарыяланган. Ал кезде бул кадамга баруунун өзү чоң эрктүүлүктү талап кылган. Эне тилибиздин „мамлекеттик тил“ деп жарыяланышы элибиздин чоң жетишкендиктеринин бири болду.

29 жыл ичинде коомубузда мамлекеттик тилге кызыгуу артып, бала бакчаларда, мектептерде, мамлекеттик органдарда кыргыз тили кеңири колдонулуп, эне тилибиз адеп-ахлактын, билимдин тилине айланды.

Кыргыз мектептерде окуп, кыргызча билим алгандар көбөйдү. Кыргызстанда убактылуу жашап жана иштеп жаткан чет өлкөлүк жарандар жана ыктыярчылар кыргыз тилин үйрөнүшүүдө.

Мамлекет бул орчундуу маселеге өзгөчө көңүл бөлүп, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган бир нече жарлыктар, токтомдор жана программалар иштелип чыгып, мамлекеттик бюджеттен акча каражаттары бөлүнүүдө. Аларды ырааттуу ишке ашыруу, каражаттарды максаттуу пайдалануу, кыргыз тилин жайылтууда, үйрөтүүдө маалыматтык технологияларды колдонуу зарыл.

Ал эми „Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө“ мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары жооптуу милдет аткарып келе жаткан Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын иштей баштаганына быйыл 20 жыл болду.

Кийинки мезгилде мамлекеттик органдарда иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүгө карата талап күчөдү.

Биздин максатыбыз — мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөө жана улутубуздун келечегин түптөө үчүн мамлекеттик тил саясатын ырааттуу жана максаттуу жүзөгө ашыруу. Бул милдетти аткарууда кыргыз тили данакердик милдетти аткарууга тийиш.

Биз Кыргызстанда жашаган бардык этностордун тилин сактап, өнүктүрүү менен бирге мамлекеттик тилди, расмий тилди жана чет тилдерди мыкты билген кыргызстандыктардын жаңы муунун тарбиялашыбыз керек.

Урматтуу салтанаттуу жыйындын катышуучулары!

Биздин ата-бабаларыбыз эне тилинде „Манас“ эпосун жаратып, муундан-муунга чыпчыргасын коротпой өткөрүп келген.

Эне тили каны-жаныбызга эненин сүтү, бешик ыры, аталардын нуска кептери, чоң аталардын санжырасы, чоң энелердин жомогу, комузубуздун күүсү, кыз-жигиттердин шырылдаңы, бекбекейи менен сиңип келген.

Эне сүтү менен кошо жаралган эне тилибизди кастарлаганда гана биз улуттук жүзүбүздү, маданиятыбызды, рухубузду, каада-салттарыбызды сактап кала алабыз.

Түптүү элдин, уюткулуу улуттун, өнүккөн өлкөнүн мамлекеттик тили катары улуу тилибиздин учугу узарып, түбөлүгү түз болоруна терең ишенем.

Мамлекеттик тил майрамыбыз кут болсун!»

Количество просмотров: 48