• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Президент Марат Сыдыковду судьялык кызматтан кетирген жок

1 Бештин айы 202417:34 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылган саясатчы жана активисттерди актаган өкүм чыгарган Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыковду кызматтан бошотуу боюнча Соттор кеңешинин чечимин канаттандырган жок. Буга байланыштуу материалдар кайра артка кайтарылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Фейсбук баракчасына жазды.

«Марат Сыдыков судьялык кызматынан кеткен жок», — деп жазды ал.

Алагөзовдун жазганына караганда, судья Сыдыков кызмат ордунан өз каалоосу менен бошотуу тууралуу Соттор кеңешине арыз жазган.

“Соттор кеңеши бул арызды канааттандырып, аны кызматынан бошотуу чечимин президент Садыр Жапаровго киргизди. Бул сунуш мамлекет башчысы тарабынан канааттандыруусуз калтырылып, материалдар артка кайтарылды”, — деп жазды ал.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы 29-ноябрда белгилүү болгон.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочу 2022-жылы октябрда камалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан. Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган.

Марат Сыдыков быйыл 14-июнда аларды актаган өкүм чыгарган.

Количество просмотров: 117