• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Президент маркумду узатуу, сөөк коюу боюнча жарлыкка кол койду

14 Тогуздун айы 202422:09 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” КР Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу” жарлыкка кол койду.

Анда азыркы кыргыз коомунда маркумду жайга коюуда текебердик, башка адамдардын социалдык абалына менменсинип мамиле кылуу, ашыкча ысырапкорлук, диний каадаларды жана салттарды этибар албоо сыяктуу терс көрүнүштөр жана кемчиликтер кездешет – маркумдун бир туугандары таштан, граниттен же мрамордон өтө чоң курулмаларды, күмбөздөрдү курууда, маркумдун статуясын орнотууда, мүрзөлөрдү кооз металл тосмолор менен тосулуп жатканы айтылат.

Маркумдарды жайга коюу салттарын жана каадаларын тартипке келтирүү, кыргыз коомунун руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарын коргоо, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу жана “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” КР Мыйзамын, КР Президентинин 2022-жылдын   24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке   келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын иш жүзүндө жүзөгө ашыруу максатында, КР Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынган.

Токтомго ылайык, маркумдарды жайга коюуда каада-салттарды тартипке келтирүү, мүрзөгө эстеликтерди коюуда ысырапкорлуклукту болтурбоо үчүн тиешелүү фатваларды чыгаруу милдети муфтиятка тагылган.

Ал эми Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамагенттиги, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамагенттик, президенттин облустук өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик 3 айда «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» мыйзамын жүзөгө ашыруучу чараларды көрүшү керек.

Количество просмотров: 680