• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Президент: «Мен бийликте канча олтурсам, Ташиев дагы ошончо олтурат»

9 Тогуздун айы 2022 10:30 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген кезектеги маегинде чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр, Камчыбек Ташиев менен болгон мамилеси жана акыркы кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу айтып берди.

— Саламатсызбы урматтуу Садыр Нургожоевич!

— Чек ара боюнча сүйлөшүүлөр аяктады дедиңиз. Бирок анын шарттары тууралуу ачык айтылбай жатат. Бир катар саясатчылар — Равшан Жээнбеков, Исмаил Исаков, Адахан Мадумаров жана башкалар чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү ачыктоону талап кылууда. Эмне үчүн бул маселе деталдуу айтылбай жатат? Же кандайдыр бир сыр барбы?

— Мен эми ачык эле айтайын. Чек араны тактоодо буга чейин талаш болуп келген жерлердин баары бизге өттү. Айылдарда болобу, тоолордо болобу же түз жерлерде болобу талаш жерлердин дээрлик 99 пайызы биздин пайдабызга чечилди. Буга жетиш үчүн эмне деген гана сүйлөшүүлөр, эмне деген гана эмгектер жумшалбады. Сыр кылып турганыбыздын себеби, кол коюшуп мыйзамдаштырып алганга чейин айнып кетип бузулуп кетпесин деген элек. Эми бүгүн мен: «Эртең Жогорку Кеңештин комитетинде жабык эмес, ачык карагыла жалпы эл көрсүн, билсин» деп буйрук бердим. Көргөндөн кийин жалпы эл бизге алкыш айтып, бата гана берерине толук ишенем.

Бир Өзгөн менен эле мамлекеттин жана көпчүлүк элдин тагдырын байлап койбошубуз керек. Райондун деңгээлинен жогору бололу. Эгер өлкө ичинде эки район жер бөлүштүрүп жатсак мейли эле. Биз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары менен чектешкен 1400 км чек араны толук чечип, Өзбекстан менен чек ара маселесине түбөлүк чекит коюп жатабыз.

Эгер эми мыйзамдашып бүткөнгө чейин бир тарап айнып кетип кайра мурдагы абалга келип калса, кечээки тегерек стол уюштуруп, элдин башын айландырып жаткандар көпчүлүк элдин каргышына калышыт. Катуу жооп беришет. Жоопко тартабыз.

Эки өлкөнүн ортосундагы чек ара маселеси тарыхий-архивдик документтер менен каралат. Көчөдө чогулуп алып эле «Алмакан апам айтпадыбы дегендей» маселе эмес. Эки өлкөнүн СССРден бери келе жаткан карталары, келишимдери, алдым-бердим деген актылары турат. Анан жөн эле «ал жер биздики болчу, бул жер биздики болчу» деп жалган маалымат берип элдин башын айлантпаш керек.

Ачыгын айтайын, буларды Кемпир-Абад кызыктырбайт. Саясат кылып атышат. Эптеп эле бизди элге жаман көрсөтүп, ызы-чуу салып бийликке келиш — алардын максаты. Арам ойлору ишке ашпайт. Анткени ар бир жасаган ишибиз үчүн жер карабайбыз жана бизди колдоп жаткан көпчүлүк элди дагы жер каратпайбыз. Баарын бүтүрүп, мыйзам менен бекемдеп алгандан кийин, анан ат чаптырып сүйүнчүлөтөлү дедик эле. Тилекке каршы, иш толук аягына чыга электе эле ачыктап жатабыз. Буга бузукулардын элди адаштырып жатканы себеп болуп калды. Кудай буюрса, келишим бузулбай мыйзамдашып аларбыз деп туралы.

— «Жогорку Кеңешке УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев эки ящик курал алып барган» деген сөздөр коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Бул кандай максатта жасалды? Анан ушул окуядан улам, «Камчыбек Ташиев менен Талант Мамытов урушуп кетиптир» деген кептер бар. Маалыматыңыз барбы?

 Депутаттар «Баткен бүтө электе маалымат бергиле» деп чакырышкан экен. «Аскерлердин октору жок экен. Автоматтары жетпейт экен» деген сөздөр болуп, «Ташиев эмне кылып атат, разведкасы иштебей жатат» деген сындар болуптур. Анан «мына силерге автомат» деп алып барса керек. Албетте, парламентте эмес, барам деген депутаттарды алып барып, Баткенден берсе болмок. Бул жагынан кичине ката кетирди. Бирок ошол мезгилде анын акыбалын деле туура түшүнүш керек. Кан кечип жүргөн жеринен түз учуп келди. Анан эмоцияга алдырып койду.

— Негизги эле Камчыбек Ташиев экөөңүздөрдү кеп кылгандар көп болуп жатат. «Экөө бийлик талашып жатат» деген сөздөр соцтармакта көп эле жазылууда. Буга кандай комментарий бере аласыз…

— Биринчиден, экөөбүз эч качан урушпайбыз. Урушканга мен жол бербейм.

Экинчиден, «бийлик талашып атат» деген калп сөз. Мен кандай буйрук берсем, дал ошондой кыйшаюусуз аткарат. Анткени мен жеке кызыкчылыгым үчүн кандайдыр бир иш жөнүндө буйрук бербейм. Бир гана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн болот.

Үчүнчүдөн, экөөбүздү уруштура албай эки жылдан бери түн уйкусу жок иштеп жаткан топтор бар. Баарын билебиз. Алар «Ташиев кадр чечип атат. Ташиев президент болгусу келип атат» дей беришсе эле мен аларга ишенип, кызганып Ташиевди кызматтан ала коймок белем. Мен бийликте канча олтурсам, Ташиев дагы ошончо олтурат. Эң негизгиси мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына каршы келген иштерди жасабасак болду.

— Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүңүз, бир эмес, төрт министр өз каалоосу менен кызматын тапшырып кетти. Айрымдар муну чөгүп бараткан кемеден качуу катары баалашууда. Бул кадрдык жүрүштөр эмнени түшүндүрөт?

 Төрт министрди мен өзүм алмаштырдым. Өзүңөр дайыма айтып жүрөсүңөр го, айлана- тегерегиңди тазала деп. Ишти тарта албай жаткан министрлерди алмаштырам. Пара алгандарды, мамлекеттин акчасын уурдагандарды каматам. Кыскасы эч кимди аямай жок. Министр болуп келдиңби, мамлекет үчүн, эл үчүн иште! Уурдаба! Напсиңди тыя албайсыңбы, министр болбой эле кой!

Ал эми Алтынбек Сулайманов реформага шылтабай жөн эле кетип калса болмок. Бир дагы жолу мамлекеттик кызматта иштебеген киши дароо бир облустун башчысы болуп барып калып кыйналды окшойт. Жергиликтүү бийликти реформа кылыш үчүн долбоорлор даярдалыш керек да. Жөн эле ой келди жасап салгыдай мамлекет мал сарай эмес да. Долбоорлор даярдалып жатат. Айтып коюш оңой. Практика жүзүндө ишке ашырыш кыйын.

Айрым саясатчылар бар. Акыл үйрөтсө тим эле укмуш. Сүйлөсө асмандан сүйлөшөт. Бирок ишке келгенде ноль болушат. Мисалы былтыр Өмүрбек Суваналиевди Баткенге жибердим. «Сиз генералсыз, тажрыйбаңыз бар. Тажиктер менен жакшы мамиле түзүп, чек арада атышуулар болбогудай аракеттерди жасаңыз» деп. Анан эле 29-апрелде тажик тарап биринчи агрессия кылганда тажиктерге барып сүйлөшкөндү биякка коелу, облустук администрациянын алдына чогулган элге чыкпай кабинетинде жашынып олтуруп албадыбы. Анан дароо алмаштырдым.

Кыскасы, иштей албай жаткан кадрлар мага дапдаана көрүнүп турат. Иштей албагандарын көпкө күтпөй алмаштырып атам. Мындан трагедия кылыштын кереги жок. Өкмөттүк иш ушундай болот. Түбөлүк эч ким министр болбойт. Кан алмашуу сыяктуу тез-тез алмашып турат дегендей.

Количество просмотров: 2902