Жогорку Кеңеште Жер кодексине түзөтүүлөр үч окууда кабыл алынды. Демилгечи министрлер кабинети, мыйзамдын айрым ченемдерге нааразы пикирлер айтылууда.
Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктарга менчик жерлерди мамлекет алып коет алат деген ченем тууралуу президент Кабар агенттигине түшүндүрмө берди.
“Менчик жерлерди алып коюуга мен каршымын. Жеке менчик мүлктөр кол тийгис. Эгер ФПСтин ижарага берилген жерлери болсо анда башка кеп. ФПСтин жүздөгөн гектар жерлерин 49 жылга алып алышып, анан иштете албай, отоо чөп басып жаткан жерлер жөнүндө кеп болуп жатса керек. Андай жерлерди сөзсүз айыл чарба багытына иштетишибиз керек. Барган сайын дүйнө жүзүндө айыл чарба багытындагы жерлер тарып барат”, — дейт президент.
Президент дагы башка маселеге көңүл бурду.
“Адам саны тездик менен өсүүдө. Мисалы биз бүгүнкү күндө өзүбүздү өзүбүз буудай менен камсыз кыла албай калдык. Керектөөнүн 60 пайызын чет өлкөлөрдөн импорт кылып жатабыз. Ошондуктан бир квадрат метр жер болсо дагы бош жатпашы керек. Жеке менчик жерлерди болсо жергиликтүү бийликтегилер кыдырып туруш керек. Кимдер иштете албай жаткан болсо, Өкмөт тараптан жардам берели, иштеттирели. Өзү иштете албай жатса, анда ижарага алып Өкмөт иштетсин. Жолдорун тапса болот да. Иштетпей жаткан жеке менчик жерлерди алабыз деген ченем менен мыйзам долбоору келсе, каршы пикир менен кайтарам”, — дейт Жапаров.
Президент жеке менчик жер ээлерине кайрылды.
“Бир квадрат метр жерди да бош калтырбагыла. Буудай, арпа, картошка сыяктуу айыл чарба багытындагы тамак-аш боло турган эгин-тегиндерди сепкиле. Импорттон көз каранды болбойлу. Өзүбүздү өзүбүз камсыз кылганга аракет кылалы. Өкмөттүн максаты деле ушул. Силердин жерлерди тартып алып Өкмөттү байыталы деген максаты жок”, — деп айтты өлкө башчы.