• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Президент мугалимдерди майрамы менен куттуктады

5 Тогуздун айы 2020 12:52 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзү:

«Урматтуу мугалимдер, кымбаттуу агай-эжелер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Биздин коомубузда ар дайым мугалимге карата урмат-сый, жылуу сезим сакталып келет. Мугалим — терең билим берип, дүйнөнү тааныткан устат, келечекке жол көрсөтүп, чоң турмушка аттандырган насаатчы.

Азыркы мезгилде агартуучулук кесиптин ролу, мугалимдердин коомдогу баркы жогорулоодо.  Кыргызстандын мугалимдер корпусу татыктуу келечек муунду тарбиялоо үчүн учурдун сыноолорунан татыктуу өтүп жатат.

Коронавирус пандемиясынын шартында да окуучуларга билим берүү ишин үзгүлтүккө учуратпай, аны тынымсыз улантууга зарыл болгон өзгөрүүлөрдү кыска убакытта ишке ашырдыңыздар.

Мамлекет сиздердин ак ниет эмгегиңиздерди бийик баалайт, баарыңыздарга ыраазылык билдирем.

Мындан ары да, билим берүү кызматкерлерин социалдык жактан колдоо — мамлекттик саясаттын артыкчылыктуу багыты катары сакталат.

Сиздерге чың ден соолук, бакты-таалай, жаш муундарды окутуп-тарбиялап жаткан асыл ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!».


Количество просмотров: 628