• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Президент пандемия шартында иштеген медиктердин компенсациясы боюнча мыйзамга кол койду 

29 Кулжа 2020 17:29 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков «Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө» мыйзамга кол койду. Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мыйзам 21-майдс Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

«Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн максаты, медициналык кызматкерлерге, анын ичинде өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал учурунда иштеген дерге кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү максатында иштелип чыкккан.

Мыйзамга ылайык, өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал шарттарында медицина кызматкерлерин ишине жеткирип туруу, жеке коргонуучу каражаттар менен камсыз кылуу жана талаптагыдай эмгек шарттарын төлөө милдеттендирилет.

Бул берене менен кесиптик милдеттерин аткарып жаткан учурда жана өз ден соолугуна залал келтирилген медицина кызматкерлерине ээлеп турган кызмат орду боюнча 4 маянадан кем эмес компенсация төлөнөт.

Өзүнүн кесиптик милдеттерин санитардык-карантиндик зонада аткарып жаткан медицина кызматкерлерине оор жумуштар жана зыяндуу жана оор эмгек шарттары менен иштөө режими белгиленет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган, бирок ээлеп турган кызмат орду боюнча 10 маянадан кем эмес компенсация төлөнөт.

Медицина кызматкери өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режиминин шарттарында эмгек милдеттерин жана кесиптик парзын аткарууда алган оорунун кесепетинен каза болгон учурда, анын үй-бүлөсүнө жабыр тарткандын 20 орточо жылдык эмгек акысынан кем эмес өлчөмдө бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнөт.

Эгерде медицина кызматкери өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режиминин шарттарында эмгек милдеттерин жана кесиптик парзын аткарууда ал үчүн андан ары иштөө мүмкүнчүлүгүн же болбосо көрсөтүлгөн жагдайларда ооруларга чалдыккандан кийин 1 жыл өткөнгө чейин жокко чыгарган ооруларга чалдыкканда, ага бир жолку акчалай жөлөкпул төлөнөт.

Ошондой эле бир жолку акчалай жөлөкпулдардын суммалары саламаттык сактоо уюмунун сунуштамасы боюнча Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөөрү белгиленген.

Кабыл алынган мыйзамдын 11-1 беренесинин жоболорунда жеке жана аралаш менчик формасына негизделген саламаттык сактоо уюмдарынын медициналык кызматкерлерине, эгерде алар ушундай шарттарда ишке тартылган болсо толук колдонулат деп каралга


Ошондой эле кабыл алынган мыйзам менен «Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 14-беренесине түзөтүүлөр киргизилүүдө. Анда саламаттык сактоонун мамлекеттик жана муниципалдык уюмдары өз каражаттарынын эсебинен медицина кызматкерлерине кесиптик ишине байланыштуу эмдөөгө, оорулардан дарыланууга кеткен чыгымдарын мыйзамдарда аныкталган өлчөмдө төлөйт, ошондой эле мезгилдүү милдеттүү медициналык кароолорду өткөрүүнү камсыз кылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Количество просмотров: 188