• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Президент православдарды Рождество майрамы менен куттуктады

7 Үчтүн айы 2020 13:07 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү православдарды Иса пайгамбардын туулган күнү (Рождество) майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы тараткан куттуктоодо Жээнбеков бул жакшылык менен ак ниеттүүлүккө жана бири-бирине жардам көрсөтүүгө чакырган майрам экенин белгилеген.

Ошондой эле президент Кыргызстан бардык салттуу диндерге сый мамиле кыларын белгилеп, жарандарды өлкөнү өнүктүрүш үчүн чогуу-чаран кызмат кылууга чакырган.

Иса пайгамбардын туулган күнүн Орусиядагы, Украинадагы, Болгариядагы, Сербиядагы жана бир катар өлкөлөрдөгү православ чиркөөлөрү эски Григориан жылнаамасы боюнча 7-январда белгилешсе, жаңы Юлиан жыл эсебин карманышкан католиктер 25-декабрда өткөрүшөт.

Кыргызстанда христиан дининин православ багытын тутунгандардын саны болжолдуу 500 миңге жакын экени айтылып келет.

Иса пайгамбардын туулган күнү Кыргызстанда расмий майрам күн катары эсептелет.

Количество просмотров: 52