• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Президент Садыр Жапаров Астанага келди

8 Аяк оона 202418:47 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-сентябрда, иш сапары менен Астана шаарына келди.

Мамлекет башчысынын борту Казакстандын баш калаасындагы эл аралык аэропортко конду.

Президент Садыр Жапаровду Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Эске салсак, иш сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров бешинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышат.

Количество просмотров: 92