• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Президент Садыр Жапаров Башкы прокуратурага сурак берип чыкты

27 Чын куран 2022 13:46 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Башкы прокуратурага сурак берип чыкты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

«Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгы тарабынан Президент Садыр Жапаров 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча күбө катарында суралды», — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, Жапаров 2010-жылы Апрель ыңкылабына чейин Мамлекеттик кадр кызматына караштуу Коррупциянын алдын алуу боюнча агенттиктин директору болуп турган.

Эске салсак, буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да жогоруда айтылган иш боюнча сурак берген.

Количество просмотров: 479