• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Катарга келди

18 Бештин айы 2022 17:36 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-декабрда Катардын Эмири шейх Тамим бен Хамад Аль Танинин чакыруусу менен Катарга иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысынын учагы Доха шаарындагы «Хамад Интернешнл» эл аралык аэропортуна конду.

Килем төшөлүп, ардак кароол тизилген.

Президент Садыр Жапаровду траптан Катардын спорт жана жаштар министри Салах бин Ганим Аль Али тосуп алды.

Количество просмотров: 225