• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон жумушчу сапары аяктады

13 Жетинин айы 2021 10:42 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровдун 11-12-ноябрь күндөрү Түркия Республикасынын Стамбул шаарына болгон жумушчу сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчысы түркиялык ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушуп, анда инвестициялык жана өндүрүштүк кызматташтыктын келечеги, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү, айыл чарба, тоо-кен жана жеңил өнөр жай, гидроэнергетика жана башка тармактарда өз ара аракеттенүү талкууланды.

Жумушчу сапарын улантып, Садыр Жапаров Түрк Кеңешинин башка лидерлери менен бирге Стамбул шаарында ТМКК Катчылыгынын жаңы штаб-квартирасынын ачылыш аземине катышты.

ТМККнын сегизинчи саммитинин жүрүшүндө Мамлекет башчысы сөз сүйлөп, анда уюмдун эл аралык аренадагы маанилүү ролун, ошондой эле Кыргызстандын мындан ары да түрк дүйнөсүнүн мамилелерине жана боордоштугуна активдүү катышууга, түрк мамлекеттеринин интеграциялык процесстерин өнүктүрүүгө олуттуу  салым кошууга даярдыгын белгиледи.

Ал ТМККга мүчө мамлекеттерди биримдикке жана кызматташтыктын бардык тармактарында өз ара аракеттенүүнү шайкеш келтирүүгө чакырды.

Садыр Жапаров ошондой эле Түрк Кеңешине мүчө-өлкөлөрдүн бардык лидерлери менен ТМККнын атын Түрк мамлекеттер уюмуна өзгөртүү жана макамын жогорулатуу боюнча бирдиктүү пикирин билдирди.

Саммиттин жыйынтыгында мамлекет башчылары бир катар документтерге кол коюшту, атап айтканда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин атын Түрк мамлекеттер уюму деп өзгөртүү, Түркмөнстанга Түрк мамлекеттер уюмуна байкоочу макамын берүү, Түрк мамлекеттер уюмунун сегизинчи саммитинин декларациясы, «Түрк дүйнөсүнүн көз караштары 2040» стратегиялык документин кабыл алуу чечими, Түрк фондун түзүүнү аяктоо ж. б.

Саммиттин аянтчасында Президент Садыр Жапаров Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан, Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну чыңдоонун актуалдуу маселелерин талкуулашып, жакынкы келечекте кызматташуунун пландарын белгилешти.

Президент Садыр Жапаров иш сапарын аяктаган соң, 13-ноябрь күнү эртең менен Бишкекке кайтып келди.

Количество просмотров: 154