• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Президент Сапар Исаковдун өкмөтүн  дароо отставкага кетирди

19 Чын куран 2018 13:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19. 04. 2018. Govori.TV

КРнын Президенти Сооронбай Жээнбеков Сапар Исаков жетектеген Өкмөтүү отставкага кетирген буйрукка кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ишеним көрсөтпөгөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесинин 6-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн отставкага кетирди.

Анда белгилүү болгондой, Президент  Жогорку Кеңештин 101 депутаты добуш берген өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча токтомун колдоого алган.

Жарлыкка ылайык, Премьер-министр, вице-премьер-министрлер, Өкмөтүнүн мүчөлөрү кызмат ордун ээлеген адамдар мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык Өкмөттүн мүчөлөрүнүн милдеттерин аткарууну Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышат. Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

Эске сала кетсек, Сапар Исаков өкмөт башчылыкка 2017-жылдын 25-августунда дайындалган. Жыл айланбай ээрден жылмышты.

Количество просмотров: 38