• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Президент Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын Олимпиада комитетинин төрагасы болуп шайланды

26 Жетинин айы 202413:44 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев республиканын Улуттук олимпиада комитетинин (УОК) төрагалыгына шайланганын спорт уюмунун басма сөз кызматы билдирди.

Мындай чечим УОКтун 25-ноябрда өткөн 41-башкы ассамблеясында кабыл алынган. Мамлекет башчынын талапкерлигин өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов сунуш кылган.

Абдулла Арипов мындай чечимди кабыл алууга 2028-жылы жайында Лос-Анжелесте өтө турган жайкы олимпиадага дыкат даярдык керек экендигин жана Өзбекстандын олимпиадага тиешеси бар миңдеген спорчуларынын өтүнүчү түрткү болгонун билдирди.

Мындан тышкары Өзбекстандын жаңы шайланган УОК жетекчисине жардам бере турган команда дагы түзүлдү. УОК төрагасынын биринчи орун басары Отабек Умаров, башкы катчы Ойбек Касимов, дагы бир орун басары Шерзод Ташматов болуп калды.

Количество просмотров: 139