• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Президент Сооронбай Жээнбеков «Өчпөс отко» гүл койду

9 Бугу 2020 10:02 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-майда, Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгынын урматына митинг-реквием өттү.

Президент Сооронбай Жээнбеков Өчпөс отко гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөттүк аза күтүү менен эскерди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева, экс-президент Роза Отунбаева, Башкы штабдын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев катышты.

Количество просмотров: 182