• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Президент Сооронбай Жээнбеков Катардын эмири менен телефон аркылуу сүйлөштү

13 Жалган куран 2020 9:56 Бишкек Govori.TV

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Катардын эмири Тамим бин Хамад Аль Тани менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчылар көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, үстүбүздөгү жылга карата эки өлкөнүн ортосундагы өз ара байланыштарды кеңейтүү боюнча орток пландарды белгилешкен.

Катар тарап Кыргызстанга социалдык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн грант бөлүүгө, ошондой эле өлкөнүн экономикалык долбоорлорун инвестициялоого даярдыгын билдирген.

Президент Сооронбай Жээнбеков Катардын эмири Тамим бин Хамад Аль Таниге эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө кошкон чоң салымы үчүн ыраазычылык айтты.


Количество просмотров: 58