• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Президент Сооронбай Жээнбеков музейге жана театрга барды

9 Жетинин айы 2019 22:17 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-ноябрда, СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовдун туулган күнүндө  Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм өнөр музейине барды.

Мамлекет башчысы Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына жана анын жубайы — Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген кызматкер Салима Шабазованын элесине  арналган «Эсимде» көргөзмөсүн көрдү.

Көргөзмөдө Сүймөнкул Чокморов тарткан картиналары жана анын кино искусстводо,  живопистеги чыгармачылык жолу тууралуу сүрөттөр, үй-бүлөлүк музей архивинен  фотоматериалдар коюлду.  

 Президент ошондой эле имараттын абалы жана музейдин залдары анын борбордук сактоочу жайы менен таанышты.

КР Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана Музейдин директору Мира Жангарачева маалымат беришти.

Алар музей капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж экендигин белгилешти.

Андан соң Сооронбай Жээнбеков А.Малдыбаев атындагы Кыргыз академиялык опера жана балет театрына барды.

Театрдын ремонт ишитерин жүргүзүүдөн кийинки абалы менен таанышты.

Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын 77-театралдык сезонунун ачылышына карата искусство чеберлеринин концерттик программасын көрдү.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин  маалыматы боюнча 2019-жылдын 15-июлунда башталган Опера жана балет театрынын имаратын ремонттоонун жыйынтыгында Малахит залы,  эки балет залы, артисттердин гримденүүчү имараты реконструкцияланды, механикалык жабдуулар, театралдык сахнаны жарыктандыруу системасы толугу менен алмаштырылды.  

 Эске салсак, буга чейин Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук Филармониясы ремонттолду, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында жана Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрында ремонт иштери жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 119