• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Президент Сооронбай Жээнбеков Венгрияга барат

26 Бирдин айы 2020 4:34 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков үстүбүздөгү жылдын 23-апрелинде Венгрияга иш сапар менен барат. Бул тууралуу 25-февралда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Венгриядагы элчи Бакыт Жусупов маалымдады. 

Анын айтымында, Өлкө башчынын иш сапарынын алкагында стратегиялык кызматташтыкты орнотуу жана өнүктүрүү боюнча макулдашууга, мындан тышкары 11 документке кол коюлат.

» 2 жылдан бери Венгрия менен болгон кызматташтык жаңы деңгээлге чыкты.
2018-жылы Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Бишкекке келди, бул премьер-министрдин деңгээлиндеги биринчи визит болду. Андан кийин биз Венгрия менен бизнес тармагында, мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташып жатабыз», — деп билдирди элчи.

Кошумчалай кетсек,  19-февраль күнү Бишкек шаарында Венгриянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин ачылыш аземи болуп өткөн эле.

Количество просмотров: 69