• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Президент Түп районунун акими Адиевке сөгүш берди

30 Бугу 2023 14:41 Бишкек Govori.TV

Президент Жапаров Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын жетекчиси — аким Адиев Каныбек Маматбековичке сөгүш берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле Түп айыл өкмөтүнүн башчысына да сөгүш берүүнү тапшырды.

«Буга кышында жолго себилген кумдарды жана жол жээгиндеги таштандыларды алып чыкпаганы себеп болду. Мындай көрүнүшкө айрыкча турсезондун алдында жол берилбеш керек. Бул жергиликтүү бийликтин бардык жетекчилери үчүн эскертүү. Президент Жапаров турсезонго даярдыкты шаарларда, район борборлорундагы, өзгөчө борбордук көчөлөрдөгү тазалыктын сакталышын күтүүсүз текшерүүгө алат», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 108