• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Президент Түптө аткаминерлерди эмнеге урушканын айтты

31 Бугу 2023 11:17 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 30-майда Чолпон-Атадагы жаңы курулган парктын ачылышында сүйлөп жатып, айрым жергиликтүү депутаттар, жаштар шаарга мейманкана сала баштаган ишкерге бут тосуп жатканын билдирди.

Жапаров былтыр Чолпон-Ата шаарынын депутаттарын жана жергиликтүү бийлик башчыларын чогултуп, кыргызстандык инвесторго беш жылдыздуу мейманкана салууга жардам берүүнү суранганын айтты.

«Жатакана салам деп жатса, бут тоспогула деп депутаттардан сурандым эле, укпаптыр. Бир жылдан ашып кетти бул жерде беш жылдыздуу мейманкана болуп калышы керек эле. Арасынан Урмат деген бир депутат 1 млн. сом алыптыр. «Мен каршы чыгам, депутаттардын баарын каршы үндөйм, сага салдырбайм» деп. Жаштардын атынан келдим, «жаштар каршы чыгабыз» деп 10 миң доллар алыптыр. «Ушулардын оозун басайын деп, бердим» дейт. Эми баштап жатам 1,5 жылдын ичинде бүтөм деди. Өзүбүз өнүгүүнү каалабайбыз», — деди президент.

Мамлекет башчы мейманкана салам деген ишкердин аты-жөнүн ачыктаган жок. Ал инвесторлорго тоскоолдук кылбоого чакырды. Садыр Жапаров Түп районунун борбордук көчөсү тазаланбай жатканына күбө болгонун айтып, «аткана болуп калыптыр» деп сындады. Президент жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө «сөгүш» берген.

Количество просмотров: 75