• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Түптө сел жүрдү

9 Теке 20258:58 Бишкек Govori.TV

8-июлда саат 13төр чамасында Түп районуна караштуу Балбай жана Түп айыл аймактарында кыска убакытта нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүргөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Түп айыл аймагына караштуу Шаты айылында кокту-колоттон келген суулар арыкка батпай,көпүрөдөн ташып, көчөлөрдү каптаган. Жерине айыл өкмөттөн 2 экскаватор, 1 хово, 1 жүктөгүч тартылып, иш алып барууда.

Ал эми Балбай айыл аймагына караштуу Күрмөнтү айылында көпүрөгө суу батпай, жолду каптаган. Жерине 3 экскаватор, 1 жүктөгүч тартылган.

Жаандан улам Ак-Булуң айылындагы бир үйдүн короо-жайын суу каптап, жеринде 2 экскаватор, 1 жүктөгүч иш алып барууда.

Азыркы учурда ички чарбалык арыктардын нугу тазаланууда.

Теги:
Количество просмотров: 103