Президент Сооронбай Жээнбеков Түркмөнстанга мамлекеттик сапар менен барат, деген маалымат Түркмөнстан президентинин аппараты тараткан. Маалыматка ылайык, сапар келерки аптада болот.
Бул тууралуу кенен маалыматты кыргыз президенттин аппараты пресс-жыйынында бере турган болду.
Азырынча белгилүү болгондой, президенттин визити Түркмөнстандын мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухамедовдун чакыруусу менен жүзөгө ашары айтылат.
Сапардын алкагында Жээнбеков сыйлуу конок катары Аралды куткаруу боюнча эл аралык фондду негиздеген мамлекет башчылардын саммитине катышмакчы.