• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Президент Таласта өткөн Биринчи Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземине барды

21 Аяк оона 2019 22:58 Бишкек Govori.TV

«Манас бабабыз калтырып кеткен улуу биримдик осуяты — бүгүн да актуалдуу», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-сентябрда, Талас облусундагы «Манас — Ордо» Кыргыз улуттук тарыхый-маданий комплексинде өткөн Биринчи Улуттук көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземинде.

Оюндардын алкагында спорттук мелдештер 16-сентябрда, маданий иш-чаралар  19-сентябрда башталган.

Бүгүн Улуттук көчмөндөр оюндары салтанаттуу азем менен аяктайт.

Президент Сооронбай Жээнбековдун сөзү:

«Урматтуу мекендештерим!

Айкөл Манас атабыз жердеген, кут даарыган Талас жергесинде Биринчи республикалык  көчмөндөр оюндарын өткөрүп, аны жыйынтыктаганы турабыз.

Бүгүн кыргыз элинин биримдигин, бир эл, бир журт экенин даңазалаган тарыхый жөрөлгөнү жаңыртып, улантып жатабыз. 

Мындан ары сапары жалпы жергебизде улана турган ушул саамалыктын башаты менен чын дилимден куттуктайм.

Кымбаттуу коноктор!

Сиздерди меймандос кыргыз жергесинде, Айкөл Манастын Ыйык журтунда, Чынгыз Айтматовдун ата конушунда кучак жайып тосуп алганыбызга чексиз кубанычтабыз!

Урматтуу мекендештерим!

Кадырлуу коноктор!

Былтыр Ысык-Көлдүн боюнда  өткөн Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эл аралык резонанс жаратты.

Дүйнөлүк коомчулук көчмөндөр оюндарын кыргыз элинин жалпы адамзаттык цивилизацияга кошкон чоң салымы деп баалады.

Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары келерки жылы Түркияда өтөт.

Биз боордош Туркиянын элине, урматтуу Режеп Тайып Эрдоган мырзага оюндарды ийгиликтүү өткөрүүнү каалайбыз.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын келечеги кең.

Ал ар кайсы өлкөлөрдө өткөнү жакшы көрүнүш.

Анын миссиясы — элдер менен маданияттарды жакындаштыруу, спорт аркылуу диалогду күчөтүү, толеранттуулукка жана гуманизмге чакыруу.

Көчмөн оюндары — бүгүн дүйнөлүк руханий энчиге айланып олтурганы бизди кубандырат.

Кыргыз жергесинен башталган көчмөн духу дүйнөлүк сапарын улантат.

Биз муну менен сыймыктанабыз.

Кадырлуу калайык журтум!

Көптөгөн мекендештерибиз Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын дайыма Кыргызстанда өткөрүү жөнүндө ойлорун билдиришкен.

Албетте, бул жагдайды эске алдык. 

Ошондуктан мындан ары республикалык көчмөндөр оюндарын өлкөбүздүн ар кайсы дубандарында өткөрүп турууну чечтик.

Биринчи республикалык көчмөндөр оюндары Айкөл Манас атабыздын ордосунда, элдин биримдигинин, мамлекетттүүлүктүн башаты болгон так ушул касиеттүү Талас жергесинде башталды.

Мындан ары эстафета башка областтарга берилет.

Буйруса, бардык дубандарда кезек кезеги менен республикалык оюндар өтөт.        

Урматтуу көчмөндөр оюндарынын  катышуучулары!

Бул оюндардын түпкү максаты — байыркы элибиздин тарыхына, маданиятына, салт санаасына урмат көрсөтүү.

Ата-бабалардын жолун улап, алардын элесине таазим этүү.

Азыркы мезгилде өлкөбүздү өнүктүрүү үчүн өз тарыхыбызга таянып, андан руханий азык, жаратмандык энергия алуу.

Дүйнөлүк тарыхтын ажырагыс бөлүгү болгон көчмөн маданиятынын, көчмөн цивилизациясынын дүйнө элинин руханий казнасына кошкон салымын эстетүү, аларды жаңыртуу.

Көчмөндөр цивилизациясын түптөгөн, көчмөн маданиятын алып жүрүүчү байыркы элдин бири экенибизди даңазалоо.

Урматтуу катышуучулар!

Көчмөн дүйнө таанымы — Жараткан менен жакын болууга, Адам менен Табияттын биримдигине, Коомдук гармонияда жашоого негизделген.

Кылымдарды карыткан бул элдик философия — найзанын учунда, кылычтын мизинде, тарыхтын тайгак жолунда сыналган кыргыз элинин башкы байлыгы.

Ал карт тарыхтын бүктөмүндө жоголуп кетпей, өзүнүн руху, маданияты, көчмөн салты менен ушул мезгилге жеткен Улуу Журттун — Кыргыздын феноменин жаратты.

Ушул салтты тутунган кыргыз эли жалпы адамзаттын маданий казнасына өзгөчө салым кошту.

Дүйнөдө теңдеши жок улуу дастанды —  „Манас“ эпосун  жараткан эл болдук.

»Манас« эпосун — Бириккен Улуттар Уюму кыргыз элинин гана эмес, бүткүл адамзаттын руханий жана тарыхый-маданий  дөөлөтүнүн бир бөлүгү катары тааныды.

Бул кыргыз элинин ички дүйнөсүнө, кеменгердигине жана орошон талантына берилген жогорку баа.

Буга чейин бир да элдин, бир да улуттун көркөм бермети мындай баага арзыган эмес.

Көчмөндөр оюндары — Манас оюндары деген ат менен атагы алыска кеткен кыргыздын көөнө оюндарынан башталат. 

Манас бабабыздан бери келе жаткан улуттук салтты улантат.

Бул оюндар спортту, сергек жашоону гана эмес, эл биримдигин, тынчтыкты, табият менен гармонияда жашоону даңазалайт.

Ошондуктан Таласта, „Манас Ордодо“ көрсөтүлгөн оюндар — бул кыргыздын кан-жанына сиңген руханий баалуулуктар жана дөөлөттөр.

Бүгүнкү майрам — „Манас“ эпосундагыдай эле кара күчтүн гана эмес, өнөрлүү адамдардын да, улуттук маданияттын да майрамы.

Өлкөбүздүн жети дубанынан жүздөгөн таланттуу, өнөрлүү адамдарыбыз келди.

Жогоруда айтылганды негиз кылып, биз бүгүн өз тарыхыбызды, маданиятыбызды, каада-салтыбызды кайра жандандырып, бабалардын улуу жолун улантып жатабыз десек болот.

Кудай буйруса, Республикалык көчмөндөр оюндары — улуттук биримдигибизди ширелткен, бир эл, бир журт экенибиздин жаркын салтанаты болот.

Дүйнө коомчулугу кызыгып көргөн оюндарга айланат. Биз дүйнөгө уникалдуу маданиятыбызды жайылтып, кеңири көрсөтөбүз.

Урматтуу замандаштар!

Кудайга шүгүр, азыркы учурда биздин мекендештерибиз спорттун ар кайсы түрлөрү боюнча эл аралык ийгиликтерди жаратып жатышат.

Кечээ кечинде, Нур Султан шаарында,  күрөш боюнча Дүйнөлүк чемпионатта балбан кызыбыз Айсулу Тыныбекова эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу күрөш боюнча алтын медаль жеңип алды.

Дүйнөлүк аренада Кыргызстандын желеги дагы бир жолу желбиреди.

Баарыңыздарды Кыргызстанга сыймык тартуулаган ушул жеңиш менен куттуктайм!

Айсулуу кызыбызга ден-соолук, бакты-таалай, Токио олимпиадасында ийгиликтерди каалайм.

Урматтуу мекендештерим!

Биздин коомдун эң ыйык дөөлөтү — бул Ата Журттун азаттыгы, көз карандысыздыгы, элибиздин эркиндиги, улуттун биримдиги, ынтымагы, жерибиздин бүтүндүгү.

Биз, бул улуу сөздү Манас бабабыздын руху жашаган, эл биримдигинин башаты болгон касиеттүү Таласта, Манас атабыздын ыйык Ордосунда сыймыктануу менен айтабыз.

Талас — кыргыз элинин биримдигинин, ынтымагынын, мамлекеттүүлүгүнүн символу!

1995-жылы Таласта „Манас“ эпосунун 1000 жылдыгы болгон.

Мына бүгүн да ыйык Талас жергесинде „Манас“ деп ураан чакырып, 7 дубан чогулуп, бир туунун алдында биригип олтурабыз.

Манас бабабыз калтырып кеткен улуу биримдик осуяты — бүгүн да актуалдуу.

Манас атабыз жердеген кең Таласта кадырман журтумдун алдына чыгып, Манас оюндарын даңазалап, бир билек болуп түрүлүп, бир муштум болуп түйүлүп, биримдикте болууга чакырам.

Манас атабыздын урпактары деген наамга татыктуу бололу.  

Ынтымагы бекем, намысы бийик, руху күчтүү журт бололу!

Элибизде ар дайым аманчылык, жергебизде дайыма тынчтык болсун!

Кыргызстаныбызды Жараткан Кудай колдосун!».

Количество просмотров: 103