Президент Улан Эгизбаевдин ата-энеси менен жолукту
Президент Улан Эгизбаевдин ата-энеси менен жолукту
1 Тогуздун айы 201814:56 Бишкек Govori.TV
Бишкек.01.10.2018.Govori.TV.
Маркум журналист Уланбек Эгизбаевдин ата-энеси президент Сооронбай Жээнбеков менен жолукту. Бул тууралуу Токтосун Шамбетов өзүнүн инстаграмдагы баракчасына жазды.
«Дайыма айтам, Улан мындан дагы миң жогорку сыйлыкка татыктуу. Бирок, сыйлык эмес өзүң эле тирүү жүрсөң эмне…. Уландын ата-энеси бүгүн президент менен жолугуп чыкты»,-деп жазды Токтосун Шамбетов.
Жолугуу учурунда президент Уланбек Эгизбаевдин ата-энесине «Эрдик» медалын тапшырды.
Эске салсак, Эгизбаев Уланбек Токтосуновичти (каза болгондон кийин) «Эрдик» медалы менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка Мамлекет башчысы 2018-жылдын 30-августунда, Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнү алдында кол койгон.
Курч иликтөөлөрү менен эфирге чыккан журналист Уланбек Эгизбаев быйыл 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн кезде каза болгон. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, Ички иштер министрлиги Эгизбаевдин сууга чөгүп каза болгонун жарыялаган.