• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Президент VII чакырылыштын депутаттарына кайрылуу жасады

30 Бештин айы 2021 15:24 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу жаңы шайланып келген VII чакырылыштын депутаттарына кайрылуу жасады. Анда Жапаров президент менен парламенттин иш башкармалыгы боюнча кеп салган.

«Жогорку Кеңештин урматтуу депутаттары, «Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы президенттин иш башкармалыгы менен биригип калыптыр, кайра өзүнчө бөлүп алалы» деген пикирден кайтууну өтүнөм. Президентти, парламентти, министрлер кабинетин бир эле иш башкармалык тейлейт. Баарына бирдей баш иет. Себеби бул мамлекеттик мекеме. Силерди тейлейм, силерди тейлебейм деген принцип болбойт. Эмне муктаждык болсо, билдирме берсеңиздер камсыз кылышат. Кылбайбы, арыз жазгыла. Жетекчилери дароо жооп беришет, керек болсо кызматтан кетишет. Өзүнчө бөлүп алганыңарда бюджеттен кошумча көп каражат кетет. Кошумча штаттар ачылат. Элдин акчасын үнөмдөйлү. Өзүнчө бөлүп алсаңыздар эле бир башкача тейленип кетпейсиздер. Баарыбызды бир эле иш башкармалык бирдей тейлеп жатат жана тейлей берет. Төшөгүбүзгө жараша бутубузду суналы. Элдин акчасын үнөмдөө үчүн баарын бириктирип, бир эле башкармалык тейлесин дедик», — деп жазган Жапаров.

Буга чейин жыйында сөз сүйлөгөн Адахан Мадумаров эгер ал төрага болуп кала турган болсо ЖКнын иш башкармалыгын президентке бербей турганын айтканы бар.

Количество просмотров: 546