• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Президент өзүн сындаган активисттер тууралуу пикирин айтты

15 Баш оона 2020 17:38 Бишкек Govori.TV

Президент катары, милиция адамдарды суракка чакырып, мени коргоосуна муктаж эмесмин. Мындай пикирин өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-августта, «Биринчи радиого» берген маегинде айтты.

«Мен бул суроо боюнча аянтча болсо, айтсамбы деп жүргөм. Буга чейин бир нече ирет айткам. Азыр дагы кайталап кетсем. Күчтүү жарандык коом жана сөз эркиндиги кайсы гана өлкөнүн болбосун, өнүгүүсүнө жакшы түрткү болот. Албетте, бул эркиндиктин артында чоң жоопкерчилик бар. Бул өзүнчө кеп. Ар бирибиз өз милдетибизди аткарышыбыз керек. Мен Президент катары өз милдетимди аракет кылып, аткарып жатам. Милиция өз милдетин аткарат. Журналист же активист сындап жазат. Сүйлөйт. Сындап, жазып, сүйлөп, ал да өз ишин аткарып жатат. Алдыда чоң саясий иш жакындап калды. Парламенттик шайлоо болот. Анын алдында да өзүнө көңүл бурдургусу келгендер болот. Өзүн элге тааныткысы келгендер болот. Мунун баары табигый көрүнүш. Буга ар бир саясатчы, мен баш болуп даяр болушубуз керек. Ошону менен бирге, ар бир жаран коомчулукка кандайдыр бир билдирүү менен чыгып жатып, башканын жоопкерчилигин талап кылып жатып, өзүнүн да жоопкерчилигин унутпашы керек. Саясий же жөн гана адамдык маданияттын алкагында талаш, сын, талкуу болсо, ал туура көрүнүш.  Жогоруда айттым. Дагы кайталап айтам. Милиция да өз ишин аткарып жатат деп. Бирок мен, Президент катары, мына ошондой суракка чакырып, мени коргоого муктаж эмесмин», — деп жыйынтыктады Президент Сооронбай Жээнбеков.

Количество просмотров: 3451