• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Президент Жалал-Абад облусундагы “Көк-Арт” чакан ГЭСин ачты

22 Теке 202415:23 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Сузак районунда “Көк-Арт” чакан ГЭСин ачты

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 22-июлда, “Көк-Арт” чакан ГЭСин ачты.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда орун алган “Көк-Арт” чакан ГЭСинин курулушу 2023-жылдын августунда башталган. Гидроагрегаттын кубаттуулугу 6,8 МВт түзөт. Жылына болжол менен 25 млн кВт/саат энергия иштеп чыгат.

Чогулгандарды “Көк-Арт” чакан ГЭСинин ачылышы менен куттуктап жатып, Мамлекет башчысы бул гидроэлектростанция аймактын өнүгүшүнө өбөлгө болорун белгилеп, бул ГЭСтин кыска убакытта бүтүшүнө Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун салымы чоң болгонун айтты.

ГЭСтин курулушуна тартылган жалпы инвестициялардын көлөмү 7,8 млн АКШ долларын түзөт. Бул сумманын жарымы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун салымы, калганы жеке инвестордун салымы болду.

Президент Садыр Жапаров “Токтогул” ГЭСинин экинчи агрегатын жана “Үч-Коргон” ГЭСинин төртүнчү агрегатын ишке киргизүү пландаштырылганын,, “Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушуна да инвесторлор табылганын, суу байлыгын туура, үнөмдүү пайдалануу менен жакынкы келечекте өлкө өндүргөн электр энергияны экспорттоп баштай турганын белгиледи.

Количество просмотров: 94