• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Президент Жапаров: Салынып жаткан Ак үйгө мамлекеттин бир тыйын акчасы кеткен жок

16 Чын куран 2022 10:52 Бишкек Govori.TV

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Президенттин администрациясынын жаңы имаратынын курулушу боюнча билдирүү калтырды.

Жапаров ар бир жасаган иши, кабыл алган чечимдери жалпы элдин, мамлекеттин гана пайдасына багытталып жатканын белгилеген.

«Биздин коомчулукка жакшы иш жасасаӊ да, жаман иш жасасаӊ да жакпайсың. Ошол үчүн мурдакылар эч нерсе жасабай эле жыргап олтура берейинчи деп тажаган сыяктуу? “Ысык-Көл” мейманканысынын ордуна салынып жаткан Ак үйгө мамлекеттин бир тыйын акчасы кеткен жок. Болгону Президенттин иш башкармалыгына караштуу 16 гектар жерге алмашып жатабыз. Биз жер бердик, алар имарат куруп берди. Бүттү. Ансыз деле мамлекетке караштуу жерлерди 30 жылда талап тоноп бүтүшүптүр. Бул 16 гектар жер деле бир күнү жеке колдорго өтүп кетмек. Андан көрө мамлекеттин пайдасына бир имарат туруп калсын дедик. Эч кам санабаӊыздар. Ар бир жасаган ишибиз, кабыл алган чечимдерибиз жалпы элдин, мамлекеттин гана пайдасына болот»,-деп жазган ал.

Эске салсак, 15-апрелде Жапаров Президенттин администрациясынын Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушуна капсула салган.

Количество просмотров: 3717