• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Нарында сел жүрдү

26 Чын куран 202414:08 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, саат 9:30 чамасында Нарын районунун Учкун айыл аймагынын Куланак айылында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Кур-Жылга коктусунан сел жүрүп, бир турак үйдүн короосун каптады.

Жериндеги кырдаалды билүү үчүн саат 9:50дө өздүк автоунаа менен райондун акиминин орун басары, ӨКМдин Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жерине чыгып кетишти. Жүргөн сел тууралуу кошумча маалымат берилет.

Теги:
Количество просмотров: 230