• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Өзбекстанда темир жол билеттери 40% чейин жогорулайт

26 Чын куран 2024 15:55 Бишкек Govori.TV

15-майдан тарта Өзбекстанда ылдам жүрүүчү «Афросиаб» электр поезддеринин билеттеринин баасы көтөрүлөт. Бул тууралуу «Өзбек темир жолдору» ишканасы билдирди.

Маалыматка караганда, электр энергиясына, күйүүчү майга, логистикага кеткен чыгымдарды жабуу, ошондой эле ылдам жүрүүчү жаңы электропоезддерди сатып алуу максатында «Афросиаб» электропоезддерине билеттердин баасы эконом-класста 20%, бизнес-класста 30%, VIP-класста 40% чейин көтөрүлөт.

Буга чейин компания 20-январдан тарта «Афросиаб» электропоезддерине жана ылдам жүрүүчү «Шарк», «Насаф» жана «Өзбекстан» поезддерине билеттердин баасын 20% жогорулаткан.

Былтыр 1-ноябрдан тарта шаардык поезддерде билеттердин баасы көтөрүлгөн. Анын ичинде жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин баасы 44%, «Афросиаб» электропоезддеринде 60% кымбаттаган.

Количество просмотров: 121