• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Президент Жапаровду Берлинден Текебаев тосуп алды

28 Аяк оона 202321:36 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда, Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен Берлин шаарына иш сапары менен келди.

Мамлекет башчысынын учагы “Берлин-Бранденрбург” эл аралык аэропортуна конду. Жапаровду Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев тосуп алды.

Эске салсак, иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы 29-сентябрда өтө турган “Германия – Борбордук Азия” саммитине катышат, Германиянын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле “Германиянын экономикасынын чыгыш комитети” герман ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушат.

Количество просмотров: 115