• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Президент Жапаровду Дубайга кимдер коштоп кетти?

12 Бирдин айы 2024 10:50 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-февралда, Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) иш сапары менен жөнөп кетти.

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Бириккен Араб Эмираттарынын Президенти шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайяндын чакыруусу менен Дубай шаарында өтө турган Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитине катышат.

Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмираттарынын жетекчилиги жана БАЭнин компанияларынын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулайт.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

  • Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов;
  • тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
  • Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
    -Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Абдилатиф Жумабаев;
  • Президенттин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Алмаз Исанов;
  • жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Мелис Тургунбаев;
  • экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;
  • санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева.

Количество просмотров: 91