• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Президент жарым айда жети жетекчини алмаштырды. Алардын узагы 3 жыл, кыскасы 5 ай кызмат кылган

17 Жалган куран 2023 11:39 Бишкек Govori.TV

Ушул жылдын март айындагы 15 күндө эле президент 7 жетекчинин алмаштырды. Govori.TV аларды тизмектеп чыкты. Бул жети жетекчинин ичинен узагы 3 жыл, эң азы 5ай башчы катары кызмат кылган.

4-мартта Нурлан Дарданов Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бугай чейин Бакытбек Нарбеков өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2021-жылдын март айында дайындалып, 1 жылдан кийин кызматынан бошотулду.

6-мартта Каныбек Иманалиев билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Мурунку министр Уланбек Мамбетакунов министр болуп, 2022-жылдын 7-октябрында жетекчилик кызматка киришкен. Милдетин 5 ай аткарган соң, кызматтан алынды.

7-мартта Канат Жумагазиев Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Мурунку өкүлү Нурил Алымбаев 11 айдан кийин ээлеген оордунан бошотулду.

7-март Илияз Ташкулов Сокулук районунун акими болуп дайындалды. Баштагы акими Курбанбек Айтибаев 2020-жылдын март айында дайындалган. Кызматта 3жыл отурду.

7-март Мурадин Тешебаев Аламүдүн районунун акими болуп дайындалды. Мурунку аким Бактибек Анаркулов 2021-жылдын сентябрь айында кызматка киришкен. 1жыл, 6ай акимдик кызматты аркалап, кызматтан кетти.

9-мартта УТРКнын башкы директору болуп Болотбек Тиллебаев дайындалды. Мурунку жетекчиси Кайрат Иманалиев Улуттук телерадиоберүү корпорациясын 9ай башкарды.

15-март Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова ээлеген кызматынан бошотулду. Ал өз милдетин 1жыл 6 ай иштегенден кийин токтотту. Жаңы министрликке Мелис Турганбаевдин талапкерлиги Парламентте жактырылды.


Өлкөдөгү кадрдык алмашуу тууралуу ача пикирлер буга чейин эле айтылып келген. Депутат Исхак Масалиев кызматка коюудан мурун, окутуп, даярдап анан алып келиш керек десе, Эмил Токтошев адис өзүнүн дараметин 6 айда көрсөтөт. Татыктуу эместерин кызматтан алуу туура эле багыт деген пикирин айткан.

Эми, орун алмашуудан сумма өзгөрүп алдыга жылыш болобу же жыйынтык көрсөтүү үчүн жетекчи кызматта узагыраак болуусу керектигине окурман катары өз бааңызды бериңиз.

Количество просмотров: 197