• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Президент сотторду алмаштырды

15 Тогуздун айы 2018 19:07 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 15.10.2018. Govori.TV
Өлкөнүн облустук, шаардык жана райондук сотторуна судьяларды дайындоо тууралуу жарлыктарга кол коюлду. Бул туурасында президенттин аппаратынан кабарлашты.
Президент Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттордун судьяларын Чүй облустук сотуна, Ош шаардык сотуна, Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондук сотторуна, Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотуна, Нарын облустук сотуна, Баткен облусунун Кадамжай жана Баткен райондук сотторуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө жарлыктарга кол койду.
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши тарабынан Чуй облустук сотуна, Чуй облусунун Аламүдүн райондук сотуна, Ош шаардык сотуна, Ош облусунун Кара-Суу жана Өзгөн райондук сотторуна, Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотуна, Нарын облустук сотуна, Баткен облусунун Кадамжай жана Баткен райондук сотторуна бирден талапкердин, ал эми Ысык-Көл облустук сотуна 2 талапкердин судьяларынын кызмат ордуна дайындоого 11 талапкер боюнча сунуштар киргизилген.
Мамлекет башчысы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөрдү. Аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен, Президент Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторуна 8 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунушуна макул болду.
Талапкерлер тууралуу түрдүү мамлекеттик органдардан талап кылынган кошумча материалдарды изилдеп чыгып, Мамлекет башчысы 3 талапкер боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешине кайтарып берди.
Количество просмотров: 19