• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Президент Жээнбеков добуш берди

4 Тогуздун айы 2020 9:59 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-октябрда Бишкектеги №5 компьютердик гимназияга жайгашкан шайлоо участогуна келип добуш берди.

Добуш бергенден кийин журналисттерге «Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоодо бир да партияга артыкчылык көрсөтүлүп же кысым жасалган жок» деп билдирди.

«Бардык партияларга бирдей шарт түзүлдү. Мамлекеттик телеканалдардан партиялардын дебаттары ачык берилди. Сын пикирлерди айтууга эч кандай тоскоолдук болгон жок. Программаларын да эркин айтышты. Шайлоо өнөктүгү курч маанайда өттү».

Мамлекет башчы шайлоо өнөктүгүн чагылдырууда журналисттердин да салымы чоң болгонун белгилеп, ыраазычылык билдирди. Президент Жээнбеков бул жараяндан өлкөдө күчтүү жарандык коом, сөз эркиндиги бар экени байкалганын белгиледи. Ал ошондой эле президент катары шайлоонун ачык-айкын өтүшүнө шарт түзүп бергенин кошумчалады.

Количество просмотров: 158