• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Президент Жээнбеков Улуттук банктын төрагасын кабыл алды

10 Бугу 2020 11:32 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Коронавирус инфекциясы пандемиясынын дүйнөлүк экономикага таасирлеринин шарттарында банк жана төлөм системаларынын туруктуулугун жана коопсуздугун, стабилдүү макроэкономикалык кырдаалды камсыз кылуу боюнча чаралар талкууланды.

Мамлекет башчысы өлкөдөгү финансылык-банктык системанынын туруктуулугун, улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн, макроэкономикалык стабилдүүлүктү сактоо зарылдыгын белгиледи.

Ал коронавирус инфекциясынын жайылышынын кесепеттеринин таасири тийген экономика чөйрөлөрүн, ишкерлик субъектилерди жана калкты колдоо зарылдыгын баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле банк кызматтарын санариптештирүү, кардарларды тейлөөнү санарип платформаларына которууга жана ал кызматтардан пайдалануунун ыңгай-шарттарын жогорулатууга максималдуу мүмкүнчүлүк берүүчү аралыктан идентификациялоо системасын киргизүү иштерин активдештирүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында банк жана төлөм системалары төлөмдөрдү төлөө, которуу операцияларын үзгүлтүксүз жүргүзүүнү улантып, экономика тармактары менен калктын банктык кызмат көрсөтүүлөр жана акчалай каражаттар боюнча муктаждыктарын өз маалында камсыздап келе жатканын белгиледи.

Төлөмдөр жана эсептешүүлөрскоммерциялык банктар көрсөткөн дистанттык негиздеги санариптик каржы кызматтарын пайдалануу менен өлкөнүн бардык аймактарында орнотулган банктык жабдуулар: 1 744 банкомат, 11 260 POS-терминал жана 1 927 төлөм терминалы аркылуу да жүргүзүлөт.

Мындан сырткары, Толкунбек Абдыгулов Улуттук банк тарабынан коронавирус инфекциясынын жайылышынан улам келип чыккан экономикалык кесепеттерди жумшартуу, ошондой эле ишкердик субъектилердин ишмердүүлүгүн жана калкты колдоо максатында кабыл алынган чаралар тууралуу айтып берди.

Улуттук банк башка чаралар менен катар финансы-кредиттик уюмдарга займчыларга насыя төлөмдөрүн төлөөсүн үч айдан кем эмес мөөнөткө жылдырууну сунуштаганы, кредиттерин кечигип төлөөсү үчүн айып салууга жана үстөк акча алууга, кредиттик келишимдердин шарттарын кайра карап чыгууда комиссиялык төлөмдөргө тыюу салынганын белгиленди.

Улуттук банктын төрагасынын берген маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө коммерциялык банктар тарабынан займчыларга жеңилдиктерди берүүнүн алкагында жалпы суммасы 58,1 млрд сомдук 90 151 насыя кайра түзүмдөштүрүлгөн.

Количество просмотров: 46