Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында жаңы дайындалган саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев ант берди.
Парламент жыйынына президент Садыр Жапаров катышуда.