• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Президентин сүрөттөрүн «сүйлөткөн» жаранга иликтөө иштери башталды

1 Тогуздун айы 2018 13:00 Бишкек Govori.TV
Бишкек.01.10.2018.Govori.TV.
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун эс алуу учурунда көл жээгинде түшкөн сүрөттөрүнө текст кошуп, президент сүйлөп жаткандай көрүнүштү көрсөтүп мем жасаган дизайнер Никита Тарасенко боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирген.
«Аталган маселе боюнча бир аял УКМКга арыз менен кайрылган. Алар материалды Башкы прокуратурага жөнөтүшкөн.
Дизайнер Башкы прокуратурага 29-сентябрда чакырылган. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат», — деп билдирди басма сөз кызматы.
Количество просмотров: 28