• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Президентинин Аппараты Республикалык штабга ЖМК менен иштөө форматын кайра карап чыгууну сунуштайт

14 Чын куран 2020 14:02 Бишкек Govori.TV

Өлкөнүн айрым шаарлары менен райондорунда өзгөчө абал режиминин узартылышына жана киргизилишине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү Републикалык ыкчам штаб менен жер-жерлердеги комендатураларга ЖМК менен иштөө форматын, атап айтканда, өзгөчө абал мезгилинде аларды аккредитациялоо маселесин кайра карап чыгууну сунуштайт.

Муну менен бирге, ооруп калгандардын саны өсүп кеткендигине байланыштуу, ЖМК өкүлдөрүн өз ишмердүүлүктөрүн пандемия шартында жогору коопсуздук чараларын катуу сактап, саламаттыгын тобокелчиликке салбоо менен жүргүзүшүн суранабыз.

Ошону менен катар Республикалык штабдын, комендатуралардын жана тийиштүү мамлекеттик органдар өкүлдөрүнүн онлайн-брифингдери өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режими мезгилинде өзүнүн натыйжалуулугун көрсөткөнүн белгилейбиз.

Өзгөчө абал шартында кабыл алынып жаткан чаралар жана учурдагы кырдаал тууралуу ыкчам маалыматтарды берүүдө мамлекеттик түзүмдөрдүн ачыктыгын камсыздоочу бул багыттагы иштердин улантыла беришин кубаттайбыз.

Количество просмотров: 273