• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Президентке аймактарда өзгөчө абал режимдерин узартуу сунушу айтылды

13 Чын куран 2020 14:23 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-апрелде биринчи вице-премьер-министр — Республикалык ыкчам штабдын жетекчиси Кубатбек Бороновду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда азыркы кырдаал, коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына мындан ары жайылышына жол бербөө жана анын кесепеттерин жокко чыгаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Кубатбек Боронов көрүлүп жаткан ыкчам чаралар жана кыска мөөнөттүү иш-аракеттер планы жөнүндө толук маалымат берди.

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясы менен түздөн-түз күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерин жана башка адамдарды жеке коргонуу каражаттары, башка бардык зарыл нерселер менен камсыздоого дагы бир жолу өзгөчө көңүл бурду.

Мындан сырткары, өлкөдөгү эпидемиологиялык жана макроэкономикалык кырдаалды жөнгө салуу боюнча натыйжалуу сунуштарды иштеп чыгуу үчүн кырдаалга терең, комплекстүү талдоо жүргүзүү зарылдыгын айтты.

Түзүлгөн кырдаалда биринчи кезекте калктын социалдык аярлуу катмарына жана ишкерликти колдоого көңүл бурулушу керектигин дагы бир жолу баса белгиледи.

Өз кезегинде Кубатбек Боронов алгачкы этапта реагенттердин жоктугунан улам анализдер тоңдурулуп коюлгандыгын эске салды. Бүгүнкү күндө жыйынтыктар толугу менен алынды, ага ылайык, оорулуулардын саны да көбөйүп жатат. Ал акыркы апталардын графигинин негизинде оорунун туу чокусуна жеттик деп айтуу али эрте экендигин белгиледи.

Оорунун күн санап өсүшүнөн улам дүйнөдөгү жана коңшу өлкөлөрдөгү кырдаалдарды эске алуу менен, Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын атынан, медицина адистеринин анализине таянып, айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин узартуу мүмкүнчүлүгүн кароо жөнүндө сунушун билдирди.

Бул чара коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышын болтурбоо үчүн адамдар ортосундагы социалдык карым-катнашты азайтуу зарылдыгы менен шартталган.

Муну менен бирге Республикалык оперативдүү штабдын жетекчиси социалдык аярлуу жарандарды, убактылуу жумушсуздарды, кичи жана орто ишкерлик субъектилерин, медиктерди, күч жана башка тиешелүү структуралардын кызматкерлерин колдоо боюнча чаралар жөнүндө маалымат берди.

Количество просмотров: 2496