• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Президентти Орусияга кимдер коштоп кетти?

24 Бугу 2021 9:54 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда, иш сапары менен Россия Федерациясынын Сочи шаарына жөнөп кетти.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гүлнара-Клара Самат бар.

Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Анда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы байланыштарды кеңейтүүнүн келечегин талкуулоо пландаштырылууда.

Регионалдык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУнун алкагындагы коопсуздукту камсыз кылуу кызыкчылыгында өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле евразиялык экономикалык интеграцияны тереңдетүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.

Жолугушуунун жүрүшүндө коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы көрүлүп жаткан чараларды, Кыргыз Республикасына россия вакцинасын жеткирүүнү талкуулоо мерчемделүүдө.

Количество просмотров: 1337