• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Президенттик аппараттан Зууракан Каденова катышкан окуяны жаап-жашырууга буйрук берилген эмес

25 Аяк оона 20188:30 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 25.09.2018. Govori.TV
Президенттик аппарат Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова катышкан окуяны жаап-жашыруу жөнүндө эч кимге буйрук берген эмес. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.
Анын айтымында, 22-сентябрда президенттик аппараттан эч ким Кыргызстандын Сеулдагы элчиси менен байланышка чыккан эмес. Ал эми мамлекет башчы Тышкы иштер министрлигине окуяны иликтөөнү тапшырып, маалымат тастыкталса премьер-министрге тиешелүү чара көрүү керектиги айтылган.
Ал эми Кыргызстандын Кореядагы элчиси Кылычбек Султан кечээ, 24-сентябрда Бишкекте маалымат жыйын уюштуруп, президенттик аппараттан Каденова тууралуу маалыматты таратпагыла деген көрсөтмө келгенин айткан.
Эске салсак, Каденова Сеул шаарынын аэропортунан учакка мас абалында кирип, ызы-чуу чыгарганы кабарланган. Бул окуядан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аны кызматынан бошоткон. Ал эми Каденова дары ичкенден кийин көңүлү айнып кеткенин айтып чыкты.
Количество просмотров: 12