• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Президенттик аппараттын башчысы коронавирус жуктуруп алды 

27 Кулжа 202014:48 Бишкек Govori.TV

Президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиевден коронавирус твбылды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  27-июнга карата коронавирус жугузганы аныкталгандардын ичинде президенттик аппараттын тогуз кызматкери жана аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев да бар.

“Алардын жыйынтыгы боюнча дагы 9 кызматкерден, анын ичинде аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиевден дагы коронавирус инфекциясы бар экени тастыкталды”,-деп айтылат  маалыматта.


Бүгүнкү күндө президенттик аппараттын илдетке чалдыккан кызматкерлеринин жалпы саны 17ге жетти.

Количество просмотров: 330