Беларуста Александр Лукашенконун дагы бир мөөнөткө шайланышына каршы нааразылык акциялары өттү. Минск көчөлөрүнө миңдеген кишилер митингге чыкты.
Нааразычылык акциясы президенттик шайлоо аяктаары менен башталган. Аларга ОМОН отрядынын жоокерлери каршы туруп, акциянын катышуучуларын таратуу үчүн көздөн жаш чыгаруучу газ жана кулак тундуруучу гранаталарды колдонушкан.
Ошондой эле күч түзүм кызматкерлери айрым демонстранттарды кармап кеткен. Эки тараптын кагылышуусунун видеосу
социалдык түйүндөргө жарыяланды.
Белгилей, Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгын чыгарган. Азыркы мамлекет башчы Александр Лукашенко добуштардын 82 пайызын алгандыгы айтылган.