16-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары мамлекет башчы тарабынан парламентке сунушталган президенттик шайлоонун датасын белгилөө боюнча мыйзамды колдошту.
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун айтымында, өзгөртүүлөр кийинки президенттик шайлоонун датасын тактоо максатында киргизилүүдө.
БШК жетекчиси азыркы Конституциялык мыйзамдын 48-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кезектеги президенттик шайлоо ал шайланган президенттин ыйгарым укуктары аяктаган жылдын октябрынын үчүнчү жекшембисинде өткөрүлөөрүн жана шайлоо күнүнө 4 ай калгандан кечиктирбестен Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалаарын белгиледи.
«Эгерде шайлоо белгиленген мөөнөттө өтсө, 2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөндүктөн, азыркы президент шайланган 6 жылдык мөөнөт бузулат. Жөнөкөй сөз менен айтканда, биз президенттик шайлоону 2027-жылдын 24-январына белгилөөнү сунуштайбыз», — деди Шайназаров.
Мыйзам долбоору үч окууда бирдей колдоо таап, жактылырды.