• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Президенттикке талапкерлердин дебатынын экинчи туру башталат

6 Үчтүн айы 202114:29 Бишкек Govori.TV

Бүгүн президенттикке талапкерлердин теледебатынын экинчи туру башталат. Аны Коомдук телерадиокорпорациясы түз эфирде көрсөтөт.

Дебаттардын экинчи туру 6-7-8-январь болуп үч күнгө созулат. Андан соң талапкерлерге бөлүнгөн акысыз эфирдин убактысы аяктайт.

Дебаттын катышуучулары:

  • Садыр Жапаров;
  • Адахан Мадумаров;
  • Канатбек Исаев;
  • Курсан Асанов;
  • Эльдар Абакиров;
  • Аймен Касенов.

Белгилей кетсек, 10-январда Кыргызстанда президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо болот. Ага 17 талапкер катышууда.

Количество просмотров: 192