• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Президенттин Абировдун ишин өз көзөмөлүнө алышына депутаттар кандай баа берет?

15 Жалган куран 2023 14:13 Бишкек Govori.TV

Юрист Таттыбүбү Эргешбаева депутат Жаныбек Абиров менен болгон окуяга мамлекет башчынын реакциясы жана анын Ички иштер министрлигине окуянын чоо-жайын комплекстүү иликтөө жүргүзүү тапшырмасы боюнча комментарий берди. Анын айтымында, мыйзам боюнча Садыр Жапаров укук коргоо органдарынын ишин жалпы координациялоону жүргүзүүгө укуктуу, бирок ал бул ишти жеке көзөмөлүнө албашы керек болчу.

«Мен депутат Абировдун аракетин айыптайм, кандай болгон күндө да коомчулукта этият жана этикалык сакташ керек. Бирок кырдаал түзүлдү, мындан аркы аракеттерди карап чыгуу керек. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келип, болгон фактыны катташкан, демек, иш автоматтык түрдө тергөө тартибинде каралат. Биринчиден, президент аткаруу бийлигинин башчысы болуп туруп, укук коргоо органдарынын ишин жалпы координациялоону жүргүзүүгө укуктуу, бирок тергөө процессине кийлигишүүгө жана анын жүрүшү тууралуу системалуу түрдө маалымат алууга укугу жок. Экинчиден, Жаныбек Абиров учурда депутат жана бийликтин өзүнчө бир бутагы болгон жана КР башчысына көз каранды болбогон парламент институтунун өкүлү»,-деп баса белгилейт Эргешбаева.

Бул тууралуу эл өкүлдөрү эмне дейт? Төмөнкү жактан көрүңүз:

Количество просмотров: 440