Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев президент Садыр Жапаровдун Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушуусу боюнча комментарий берди.
«Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынын төрагасы Мустафа Шентоп Кыргызстанга түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) ХI пленардык жыйынына катышуу үчүн келгенине көңүл буруу керек.
Анын президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушуусунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун, анын ичинде парламент аралык өз ара аракеттенүүнүн абалы жана келечеги талкууланды.
Жолугушууда түрк тарап ФЕТО уюмунун ишмердүүлүгү жөнүндө маселени жалпысынан да козгоду, анын ичинде Кыргызстандагы да.
Бул маселе Түркиянын ички иши экенин эске алып, кыргыз тарап аны эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн алкагында талкуулоо зарылдыгын белгиледи», — деди ал.