• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Президенттин администрациясынын экс-башчысы камакта калды

24 Кулжа 2021 11:35 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык соту 24-июнда Президенттин администрациясынын мурунку башчысы Данияр Нарымбаевдин баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок.

Маалыматка ылайык, анын жактоочусунун даттануу арызы канааттандырылган жок, тагыраагы буга чейин Биринчи Май райондук сотунун токтому күчүндө калды. Натыйжада Нарымбаев УКМКнын СИЗОсунда 31-июлга чейин камакта калтырылды.

Нарымбаев «Кумтөр» иши боюнча айыпталууда. Ал 9-июнда Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (Коррупция) боюнча каралган кылмыш белгилеринин негизинде УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Кумтөргө» байланыштуу 4 кылмыш ишин тергеп жатат. Анын алкагында бир нече аткаминер кармалды.

Количество просмотров: 50