• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жээнбеков, Зулпукаров жана Нарымбаев камакта калтырылды

25 Жетинин айы 202113:41 Бишкек Govori.TV

Биринчи май райондук соту бүгүн, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасына байланышкан ишин карады. Жыйынтыгында экөөнө тең УКМКнын абагына 2022-жылдын 30-январына чейин камакта калтыруу чечими чыкты.

Жана ошондой эле соттун чечими менен Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев да камакта калтырды.

Белгилей кетсек, алар Кумтөр ишине байланыштуу УКМК тарабынан кармалышкан.

Количество просмотров: 469